Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Мисирдеги элчилигин ачуу боюнча жарлыкка кол койгону 16-декабрда жарыяланды. Мындай чечим Кыргызстан менен Мисирдин ортосунда саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарды бекемдөө максатында кабыл алынганы жазылган.
“Жарлык Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасы менен саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык, билим берүү жана маданий-гуманитардык байланыштарын активдештирүү жана тереңдетүү, ошондой эле Мисирдин аймагында жана Түндүк Африканын чектеш өлкөлөрүндө жүргөн 3 миңге жакын Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында кабыл алынды”, - деп жазылган маалыматта.
Жарлыкка ылайык, элчилик Мисирдин борбору Каир шаарында болот жана аны уюштурууга Министрлер кабинети Тышкы иштер министрлиги үчүн беш штаттык бирдик кошуп берет. Жарлык келерки жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Президент Жапаров 4-5-ноябрда расмий сапар менен Мисирге барган.
Кыргызстан 1991-жылы эгемендик алгандан бир жылдан кийин 1992-жылы Мисир Араб Республикасы менен дипломатиялык алака түзгөн.
Кыргызстандыктар арасында Мисирде диний багытта билим алгандар көп. Мындан сырткары бул өлкө менен соода-сатык жагында иштеген кыргыз жарандары да бар.
Кыргызстан менен Мисирдин ортосундагы соода жүгүртүү 2024-жылы 5,1 млн долларды түзгөн. Мунун 3 млн долларлык товарын Каир экспорттосо, 1,6 млн долларлык товарын Бишкек жөнөткөн.