Мамлекеттик кызматкерлерге жаңы жылдык корпоратив өткөрүүгө тыюу салынды

Адылбек Касымалиев.

Министрлер кабинети мамлекеттик кызматкерлерге жаңы жылдык корпоративдик иш-чараларды өткөрүүгө жана жетекчилердин кол алдындагы кызматкерлерден белек алуусуна тыюу салды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 16-декабрда “Ынтымак ордодо” өткөн жыйында билдирди.

Мындай тыюуну айрым жетекчилер туура эмес түшүнүп, балдарга арналган иш-чаралардын өтүшүнө каршы чыгып жатканын белгиледи.

“Бирок айрым жетекчилер бул чектөөнү туура эмес түшүнүп, балдарга арналган жаңы жылдык иш-чараларды да өткөрбөгүлө деп жатышыптыр. Белгилей кетейин, жаңы жылдык корпоративдерге коюлган чектөө мамлекеттик органдарга гана тиешелүү. Ал эми балдардын жаңы жылдык майрамдарын чектөөгө болбойт. Жаңы жыл – балдар жылдап күтүп келген өзгөчө майрам. Аларды бул кубанычтан ажыратпагыла”, - деди Касымалиев.

Ноябрь айында Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлерине жаңы жылдык иш-чараны өткөрүүгө тыюу салынганы белгилүү болгон.

Дагы караңыз

Сириядан берки узак жол: "Адашканымды ошондо түшүнгөм" Трамп Би-Би-Сини жалган маалымат жайылтууга айыптап, сотко кайрылдыИИМдин Күзөт кызматынын башкармалык башчысы пара алууга шектелүүдөКыргызстан Мисирге элчилигин ачат