АКШнын Браун университетинде үч күн мурун ок аткан киши табыла элек

Браун университетинин жанында тартылган сүрөт. Провиденс, 13-декабрь, 2025-жыл

Үч күн мурун АКШнын Браун университетинде ок ачып, эки студентти өлтүргөн киши табыла элек. Полиция шектүүнүн сүрөтүн көргөзүп, коомчулуктан кайрадан жардам сурады. Шейшемби күнү Провиденс шаарында өткөн маалымат жыйында бир нече райондогу камералар тарткан видео көрсөтүлдү.

Шаардын полиция башчысы Оскар Перестин айтымында, кылмушка шектелген адам кол салуунун алдында ошол райондордун биринде байкалган. Бийлик өкүлдөрү ок атууга эмне түрткү болгон белгисиз деп билдиришти.

Жекшембиде 20 жаштагы киши кармалып, бирок кийин анын окуяга тиешеси жок экени аныкталган.

Кол салууга шектүүнүн кармала электигин уккан окуу жайдын студенттери өз коопсуздугу үчүн камтама болгонун айта баштады. Университетте коопсуздук чаралары күчөтүлүп, кампуска кирип-чыгуу чектелген.

Род-Айленд штатындагы трагедия 13-декабрда болгон. Куралчан киши инженер-физика корпусунда ок атып, эки киши каза тапканы, тогузу жараат алганы белгилүү болгон.

Набыт болгондордун бири өзбекстандык Мухаммадазиз Умрзаков болуп чыкты. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирип, дипломаттар маркумдун жакындары менен байланышып, америкалык тергөө органдары менен кызматташып жатканын маалымдаган. Ал абройлуу менчик университеттин биринчи курсунда окуп жаткан.

Дагы караңыз

Парламенттин жаңы курамы ишке киришти, президент сунуш-талабын айттыЫш, насвай, инфекция. Эркектер алсыз боло баштадыбы?Жогорку Кеңешке Нурланбек Тургунбек уулу төрага болуп кайра шайланды