Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Запорожьеде тогуз кабат үйгө дрон тийгенде үч киши жарадар болду


Орусиялык дрон тийген Запорожьедеги үй. Украина, 16-декабрь 2025-жыл
Орусиялык дрон тийген Запорожьедеги үй. Украина, 16-декабрь 2025-жыл

16-декабрга караган түнү орусиялык пилотсуз учактар Запорожьедеги тогуз кабат үйгө тийгенде үч киши жарадар болду. Бул тууралуу Украинанын Чукул кырдаалдар мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 5 жана 6-кабаттагы төрт батирди өрт чалып, кийин өчүрүлдү.

Облус администрациясынын башчысы Иван Федоров сокку урулган жерде иштеген адистерге 49 киши турак жайы жарым-жартылай ураганын же зыян тартканын айтып кайрылганын билдирди. 19 киши майыптыгы бар, жер которгондор же мамлекеттин жардамына муктаж адамдар.

Федоровдун айтымында, Запорожье районунда дрон жолдо кетип бараткан чакан автобуска сокку урган, жабыркагандар жок.

Украинанын Абадан коргоо күчтөрү маалымдагандай, түн ичинде Орусия бардыгы болуп эки "Искандер-М" ракетасы жана 97 пилотсуз учак менен чабуул койду, анын 57си атып түшүрүлдү.

Расмий Киев жана эл аралык уюмдар жарандык инфраструктурага жана жайкын тургундарга сокку урууну согуш кылмышы катары сыпаттайт. Ал эми орус бийлиги, далилдерге карабай, аскердик жайларды гана бутага алганын айтууда.


Шерине

XS
SM
MD
LG