Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:54

Садыр Жапаров шайлоодо онлайн добуш берүүнү киргизүү оюнан кайтканын билдирди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы шайлоолордо онлайн добуш берүүнү киргизүүгө али эрте экенин 17-декабрда Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын алгачкы жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Ал 1-декабрда парламенттик шайлоого байкоо салган чет өлкөлүк өкүлдөр менен жолугушууда онлайн добуш берүүнү киргизүү аракетин көрөрүн айтып, бирок шайлоодогу добуш сатып алуулар боюнча фактыларды көргөндөн кийин ою өзгөргөнүн тактады.

“Байкап көрсөм, мындай жакшы ниеттеги аракеттерибиз өз максатына жетпей, тескерисинче, добуш сатып алууга жем болуп калчудай экен. Себеби өзүнө ишенбеген, ниети бузук талапкерлердин жана алардын үгүтчүлөрүнүн үймө-үй кыдырып, добуш сатып алышына жеңил шарттар түзүлүп калчудай”, - деди Жапаров.

Мамлекет башчы соңку парламенттик шайлоодо аралыктан добуш берүү сыяктуу жарандарга ыңгайлуу шарттар түзүлгөнү менен катышуу дагы эле аз болуп жатканына токтолду. Мындан улам алдыда добуш берүүгө катышуунун көрсөткүчүн көбөйтүү үчүн мыйзамдык өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын белгилеп, депутаттарга сунуш берди.

Президент Жапаров келерки парламенттик шайлоодо онлайн добуш берүүнү киргизүү пландалып жатканын 1-декабрда шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар менен жолуккан учурда билдирген. Ал мындай система добуш берүүгө катышкан жарандардын санын көбөйтүү үчүн киргизилерин түшүндүргөн.

17-декабрда Жогорку Кеңешке шайланып келген 87 депутатка мандаттары ыйгарылып, ант беришти.

Ал эми №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылган жана эми кайра шайлоо өтүшү керек.

Бул жолу шайлоочулардын тизмесине 4 млн 294 миң 243 жаран киргизилип, 1 млн 584 миң 446 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90% түздү. Өлкө аймагында 2492 шайлоо участогу ачылып, аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо тилкеси иштеди. Ал эми чет өлкөлөрдө 100 добушкана ачылган. 190 миң 30 адам аралыктан добуш берди.

Шерине

XS
SM
MD
LG